КАРРЕРАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРРЕ́РАС Хосе (5. 12. 1946-ж. т., Барселона) – испан ырчысы (тенор). 11 жашынан «Лисео» (Барселона) театрында М. де Фальининин «Пет­ро маэстронун балаганчиги» операсынан Аңге­мечинин партиясын аткарган. Барселона кон­серваториясын бүткөн. Алгач 1970-ж. Барсело-

на театрынын сценасында

В. Беллининин «Норма» опе­расында Флавиянын пар­тиясын ырдап чыккан. Пар­мадагы Ж. Верди атн. во­калисттер конкурсунун ла­уреаты (1971). Ж. Вердинин «Набукко», Г. Доницетти­нин «Лукрецио Борджиа», (экөө тең «Лисео» театры, 1970), «Мария Стю арт »


(Лондон, 1971) операларын М. Кабалье м-н бир­ге ырдап чыккандан кийин эл аралык деңгээл­де таанылган. К. 60тан ашык опералык парти­яны «Ла Скала» (Милан), «Метрополитен-опе­ра» (Нью-Йорк), «Ковент-Гарден» (Лондон), Вена ж-а Бавария мамл. (Мюнхен) опера театрлары ж. б. дүйнөлүк театрлардын сценаларында чоң чеберчиликте аткарган. 1990-ж. П. Доминго ж-а Л. Паваротти м-н бирге «Үч тенор» эл аралык долбоорунун алкагында ырдап чыккан. Эл ара­лык Лейкемияга каршы күрөшүү фондун уюш­турган (1988). Ардактуу легион ордени м-н сый­ланган.