КАРРЕРАС
КАРРЕ́РАС Хосе (5. 12. 1946-жылы туулган, Барселона) – испан ырчысы (тенор). 11 жашынан «Лисео» (Барселона) театрында Мануэль де Фальининин «Петро маэстронун балаганчиги» операсынан Аңгемечинин партиясын аткарган. Барселона консерваториясын бүткөн. Алгач 1970-жылы Барселона театрынын сахнасында В. Беллининин «Норма» операсында Флавиянын партиясын ырдап чыккан.

Пармадагы Ж. Верди атындагы вокалисттер сынагынын (Лондон, 1971) операларын М. Кабалье менен бирге ырдап чыккандан кийин эл аралык деңгээлде таанылган. Каррерас 60тан ашык опералык партияны «Ла Скала» (Милан), «Метрополитен-опера» (Нью-Йорк), «Ковент-Гарден» (Лондон), Вена жана Бавария мамлекеттик (Мюнхен) опера театрлары жана башка дүйнөлүк театрлардын сахналарында чоң чеберчиликте аткарган. 1990-жылы П. Доминго жана Л. Паваротти менен бирге «Үч тенор» эл аралык долбоорунун алкагында ырдап чыккан. Эл аралык Лейкемияга каршы күрөшүү фондун уюштурган (1988). Ардактуу легион ордени менен сыйланган.