КАРПАТ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРПА́Т ТООЛОРУ – Европадагы тоо система­сы; Словакия, Чехия, Польша, Венгрия, Украи­на ж-а Румыниянын аймагында. Дого сымал түн.-чыгышты карай ийилип, Дунай д-нын өрөө­нүндө (Братислава ш. туштан) Темир Дарбазага чейин 1600 кмге созулуп жатат. Орт. бийикт. 1000 м чамасында, эң бийик жери 2655 м (Гер­лаховски-Штит чокусу). Батыш ж-а Чыгыш Карпат Бескид тоолорунан, Түш. Карпат Батыш Румыния тоолорунан, Трансильвания платосу­нан турат. Альп геосинклиналь облусунун ку­рамына кирет. Догонун сырткы тилкеси не­гизинен флиштен (кумдук, конгломерат, чопо­луу сланец), борб. тилкеси кристаллдык тек­терден, акиташ тегинен турат; мында байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган бийик кырка тоо­лор (Татра, Фэгэраш ж. б.) жайгашкан. Ички тилкесин көбүнчө жанартоо массивдери түзөт. Климаты мелүүн, деңиздик климаттан конти-

Чыгыш Карпат. Украина.

ненттик климатка өтмө. Январдын орт. темп­расы –2––5°С (кыр чокуларында –10°Cден төмөн), июлдуку 17–20°С (4–5°С). Жылдык жаан-чачыны 600–2000 мм. Капталдарында 1600–1800 м бийикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, андан жогору субальп ба­далдары ж-а шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, таш туз (негизинен Карпат этегиндеги ойдуң­дарда), түстүү металл (Металич тоосунда) кен­дери, жылуу булактар бар. Карпаттын аймагы-


нын 16% аянты коргоого алынган; алардын эң негизгилери: Татра улуттук паркы (Словакия, Польша), Чыгыш Карпат эл аралык биосфера резерваты (Украина, Словакия, Польша), Кар­пат биосфера коругу, Синевир, Сколев Бескид­дери, Ужан улуттук парктары, Горгани коругу, Надсян ландшафттык паркы (Украина), Рете­зат улуттук паркы (Румыния). Жапыз Татра, Словакия Карсты, Полонина улуттук паркта­ры (Словакия), Туризм өнүккөн, спорттун кыш­кы түрлөрү өткөрүлөт. Тоо-климаттык ж-а баль­неол. курорттору арбын.


Ад.: Физико-географическое районирование Ук­раинской ССР. К., 1968; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор, Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1986; Украин­ские Карпаты. Природа. Киев, 1988; Физическая география материков и океанов. М., 1988;