КАРПАТ ТООЛОРУ
КАРПА́Т ТООЛОРУ – Европадагы тоо системасы; Словакия, Чехия, Польша, Венгрия, Украина ж-а Румыниянын аймагында. Дого сымал түндүк-чыгышты карай ийилип, Дунай дарыясынын өрөөнүндө (Братислава шаары туштан) Темир Дарбазага чейин 1600 кмге созулуп жатат. Орточо бийиктиги 1000 м чамасында, эң бийик жери 2655 м (Герлаховски-Штит чокусу). Батыш ж-а Чыгыш Карпат Бескид тоолорунан, Түштүк Карпат Батыш Румыния тоолорунан, Трансильвания платосунан турат. Альп геосинклиналь облусунун курамына кирет. Догонун сырткы тилкеси негизинен флиштен (кумдук, конгломерат, чополуу сланец), борбордук тилкеси кристаллдык тектерден, акиташ тегинен турат; мында байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган бийик кырка тоолор (Татра, Фэгэраш ж. б.) жайгашкан. Ички тилкесин көбүнчө жанар тоо массивдери түзөт. Климаты мелүүн, деңиздик климаттан конти-


ненттик климатка өтмө. Январдын орточо температурасы –2––5°С (кыр чокуларында –10°Cден төмөн), июлдуку 17–20°С (4–5°С). Жылдык жаан-чачыны 600–2000 мм. Капталдарында 1600–1800 м бийикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, андан жогору субальп бадалдары ж-а шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, таш туз (негизинен Карпат этегиндеги ойдуңдарда), түстүү металл (Металич тоосунда) кендери, жылуу булактар бар. Карпаттын аймагы-
нын 16% аянты коргоого алынган; алардын эң негизгилери: Татра улуттук паркы (Словакия, Польша), Чыгыш Карпат эл аралык биосфера резерваты (Украина, Словакия, Польша), Карпат биосфера коругу, Синевир, Сколев Бескиддери, Ужан улуттук парктары, Горгани коругу, Надсян ландшафттык паркы (Украина), Ретезат улуттук паркы (Румыния). Жапыз Татра, Словакия Карсты, Полонина улуттук парктары (Словакия). Туризм өнүккөн, спорттун кышкы түрлөрү өткөрүлөт. Тоо-климаттык ж-а бальнеологиялык курорттору арбын.
Ад.: Физико-географическое районирование Украинской ССР. К., 1968; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор, Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1986; Украинские Карпаты. Природа. Киев, 1988; Физическая география материков и океанов. М., 1988;