КАРЛСРУЭ
КА́РЛСРУЭ – Германиянын түш.-батышындагы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (адм.-айм. бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн д-нан 7 км чыгышта жайгашкан. Калкы 287,3 миң (2008); калкынын саны ж-а экон. мааниси б-ча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жылына 7,1 млн т жүк ташылат). К. порт комплекси 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-ж. маркграф тарабынан негизделген. Чиркөөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта ж. б. сакталган. К. – өлкөнүн маданий, ил. ж-а билимдин маанилүү борбору. ИИИлер, ун-ттер, инттар, мамл. жогорку муз. мектеп, сүрөт галереясы, театрлар, музейлер, архив ж. б. бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (а. и.

станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор машина, электр-тех., радио электроника, прибор ж. б.) ө. ж. өнүккөн. Аскер өндүрүшү (негизинен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыратуу [К. – Германиядагы эң маанилүү нефть иштетүүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Европадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн т нефть өндүрөт)], хим. (пластмасса, жасалма каучук, резина-тех. ж. б.), фармацевтика, косметика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полигр., эмерек, курулуш материалдар ө. ж. ишканаларыиштейт.Эларалыкфестивалдарж-а дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаңкелер өткөрүлүп турат.