КАРЛСРУЭ
КА́РЛСРУЭ – Германиянын түштүк-батышындагы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (административдик-аймактык бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн дарыясынан 7 км чыгышта жайгашкан. Калкы 309,9 миң (2023); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жылына 7,1 млн тонна жүк ташылат). Карлсруэ порт комплекси 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-жылы маркграф тарабынан негизделген. Чиркөөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта жана башкалар сакталган. Карлсруэ – өлкөнүн маданий, илим жана билимдин маанилүү борбору. Илимий изилдөө институттары, университеттер, институттар, мамлекеттик жогорку музыкалык мектеп, сүрөт галереясы, театрлар, музейлер, архив жана башкалар бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор машина, электр-техникалык, радио электроника, прибор жана башкалар) өнөр жай өнүккөн.

Аскер өндүрүшү (негизинен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыратуу [Карлсруэ – Германиядагы эң маанилүү нефть иштетүүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Европадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн тонна нефть өндүрөт)], химия (пластмасса, жасалма каучук, резина-техникалык жана башкалар), фармацевтика, косметика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полиграфиялык, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык фестивалдар жана дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаңкелер өткөрүлүп турат.