КАРЛСРУЭ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РЛСРУЭ – Германиянын түш.-батышында­гы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (адм.-айм. бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн д-нан 7 км чыгышта жайгашкан. Калкы 287,3 миң (2008); калкынын саны ж-а экон. мааниси б-ча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жы­лына 7,1 млн т жүк ташылат). К. порт комплек­си 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-ж. маркграф тарабынан негизделген. Чир­көөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта ж. б. сакталган. К. – өлкөнүн маданий, ил. ж-а би­лимдин маанилүү борбору. ИИИлер, ун-ттер, ин­ттар, мамл. жогорку муз. мектеп, сүрөт галерея­сы, театрлар, музейлер, архив ж. б. бар. Шаар­да ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (а. и.

Шаардагы ак сарай (1752–82).

станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор ма­шина, электр-тех., радио электроника, прибор ж. б.) ө. ж. өнүккөн. Аскер өндүрүшү (негизи­нен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыра­туу [К. – Германиядагы эң маанилүү нефть иште­түүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Ев­ропадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн т нефть өндүрөт)], хим. (пластмасса, жасалма каучук, резина-тех. ж. б.), фармацевтика, кос­метика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полигр., эмерек, курулуш материалдар ө. ж. иш­каналарыиштейт.Эларалыкфестивалдарж-а дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаң­келер өткөрүлүп турат.