КАРКОБАТОВ Хасан Жолдубаевич
КАРКОБАТОВ Хасан Жолдубаевич (17. 9. 1940-
ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ырдык айылы) – биология илимд. доктору (2003).
КМФИни бүтүргөн (1964). Каракол ш-ндагы спорт мектебинде мугалим (1964–67). 1967-жылдан Түп р-нундагы Ильич орто мектебинде, Түп айылындагы спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. 1976-жылдан бийик тоо ИИИде морфол. адаптация лабор-сында улук ил. кызматкер болуп эмгектенет. Физиология б-ча адис. Ил. эмгектери бийик тоодогу гипоксия м-н катуу кара күч жумшалган жердеги гипоксияга жүрөктүн ж-а коронардык кан тамырлардын айкалышкан көнүгүүнүн механизмдеринин сырын ачууга багытталган. Бийик тоодо жүрөктүн адаптация механизмин ж-а булчуң ишин изилдеген. 90дон ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монографиясы, 2 рационализатордук сунушу бар.
Эмг.: Высокогорная кардиоангиология. Б., 2002.