КАРКОБАТОВ Хасан Жолдубаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКОБАТОВ Хасан Жолдубаевич (17. 9. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ырдык айылы) – биология илимдеринин доктору (2003). КМФИни бүтүргөн (1964). Каракол шаарындагы спорт мектебинде мугалим (1964–67). 1967-жыл­дан Түп районундагы Ильич орто мектебинде, Түп айылындагы спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. 1976-жылдан бийик тоо ИИИде морфологиялык адаптация лабор-сында улук илимий кыз­маткер болуп эмгектенет. Физиология б-ча адис. Илимий эмгектери бийик тоодогу гипоксия м-н ка­туу кара күч жумшалган жердеги гипоксияга жүрөктүн ж-а коронардык кан тамырлардын ай­калышкан көнүгүүнүн механизмдеринин сырын ачууга багытталган. Бийик тоодо жүрөктүн адаптация механизмин ж-а булчуң ишин изил­деген. 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 моногра­фиясы, 2 рационализатордук сунушу бар.

Эмг.: Высокогорная кардиоангиология. Б., 2002.