КАРИЕС
КА́РИЕС (лат. сaries – чирүү), т и ш т и н ч ир и ш и – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу.
К. сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуучу дистрофиялык же инфекциялык процесстерден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. К. негизинен тиштин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш арасына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажыроосунан пайда болгон к-талар тиштин минералдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микробдор бузат. К. тиштин эмалы кетилүү м-н башталат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, К. көңдөйү улам тереңдеп, тиш пульпасына жетип, оору пайда болот. Тиш эмалы жалтырабай, тунук болбой, бодурала болуп калат. Тиш таттуу, кычкыл, туздуу, ысык ж-а муздак тамак ичкенде ооруйт. Тиш К-и көбүнчө өнөкөт оору. Катуу кармаганы жаш балада жолугуп, ички секрециясынын бузулушуна байланыштуу. К. болгон тишке өз убагында пломба коюу керек. Тиштин К-ке туруктуулугун жогорулатуу
үчүн керектүү туздар (айрыкча Са, Р туздары),
Д витамини жетиштүү болууга тийиш.