КАРИЕС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РИЕС (лат. сaries – чирүү), т и ш т и н ч и ­р и ш и – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу. Кариес сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуу­чу дистрофиялык же инфекциялык процесстер­ден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. Кариес негизинен тиш­тин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш ара­сына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажы­роосунан пайда болгон кислоталар тиштин мине­ралдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микроб­дор бузат. Кариес тиштин эмалы кетилүү м-н башта­лат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, кариес көңдөйү улам тереңдеп, тиш пульпа­сына жетип, оору пайда болот. Тиш эмалы жал­тырабай, тунук болбой, бодурала болуп калат. Тиш таттуу, кычкыл, туздуу, ысык ж-а муздак тамак ичкенде ооруйт. Тиш кариеси көбүнчө өнөкөт оору. Катуу кармаганы жаш балада жолугуп, ички секрециясынын бузулушуна байланыштуу болот. Кариес болгон тишке өз убагында пломба коюу ке­рек. Тиштин кариеске туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү туздар (айрыкча Са, Р туздары), Д витамини жетиштүү болууга тийиш.