КАРДИНАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИНА́Л (лат. саrdinalis – башкы) – като­лик чиркөөсүндөгү Рим папасынан кийинки ди­ний даража, ушул даражага ээ дин кызматке­ри, папанын жакын кеңешчиси ж-а чиркөөнү башкаруу б-ча жардамчысы. К-ды рим папасы дайындайт, ал эми папаны кардиналдар колле­гиясы шайлайт (1179-ж. Латерандык собордун токтому). 1586-ж. Рим папасы Сикст Vнин учу­рунда К-дын саны 70 болсо, папа Иоанн ХXIII ж-а Павел VIнын убагында 131ге жетип, епис­коптор гана К-дыкка шайланган. Курамына Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кир­ген. Римде жашаган К. Ватикандын борб. орган­дары – конгрегация, трибуна ж. б-ды башкар­ган. К-дар К.-епископтор, К.-пресвитерлер, К.- дьякондор болуп бөлүнөт. Павел VIнын чечими (1970) м-н 75ке чыккан К. пенсияга чыгат, ал эми 80 жаштан коллегиянын мүчөсү боло бе­рет, бирок рим куриясынын курамына кирүү ж-а жаңы папаны шайлоо укугу жоюлат.