КАРДИНАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИНА́Л (лат. саrdinalis – башкы) – като­лик чиркөөсүндөгү Рим папасынан кийинки ди­ний даража, ушул даражага ээ дин кызматке­ри, папанын жакын кеңешчиси ж-а чиркөөнү башкаруу боюнча жардамчысы. Кардиналды рим папасы дайындайт, ал эми папаны кардиналдар колле­гиясы шайлайт (1179-жылы Латерандык собордун токтому). 1586-жылы Рим папасы Сикст Vнин учу­рунда кардиналдын саны 70 болсо, папа Иоанн ХXIII ж-а Павел VIнын убагында 131ге жетип, епис­коптор гана кардиналдыкка шайланган. Курамына Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кир­ген. Римде жашаган кардинал Ватикандын борбордук орган­дары – конгрегация, трибуна ж. б-ды башкар­ган. Кардиналдар кардинал-епископтор, кардинал-пресвитерлер, кардинал-дьякондор болуп бөлүнөт. Павел VIнын чечими (1970) м-н 75ке чыккан кардинал пенсияга чыгат, ал эми 80 жаштан коллегиянын мүчөсү боло бе­рет, бирок рим куриясынын курамына кирүү ж-а жаңы папаны шайлоо укугу жоюлат.