ДИДИЭСЫ
ДИДИЭСЫ Наньчжу – кытай жылнаамаларында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843- жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) аскер башчы Дидиэсы кыргыз каганынын атынан Тан империясынын (б. з. 7–10-кылымдарда Кытайдагы ири мамлекеттин аталышы) императору (840–846) Уцзундун кабыл алуусунда болгон элчилердин бири (кара: Алп Сол Табу (Та-бу) Хэцзу). Элчи кыргыз каганынын расмий катын тапшырып, белек катары эки ак боз аргымак тартуу кылган. Жооп катында Тан династиясынын (618–907) императору кыргыз каганынын элчисин расмий деңгээлде өтө жогору даражадагы урмат-сый менен үч ирет кабыл алгандыгын жана душмандарына каршы биргелешкен күрөштү дагы уланта берерин билдирген. Ошондой эле Борбордук Азия жана ага жамаатташ чөлкөмдөгү чек ара коопсуздугуна күч-кубаттуу кыргыз кагандыгы тынчтыктын тиреги боло тургандыгы айтылган.
Ад.: Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950.
О. Каратаев.