ДИДИЭСЫ
ДИДИЭСЫ Наньчжу – кытай жылнаамаларында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843- жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) аскер башчы Дидиэсы кыргыз каганынын атынан Тан империясынын (б. з. 7–10-кылымдарда Кытайдагы ири мамлекеттин аталышы) императору (840–846) Уцзундун кабыл алуусунда болгон (кара: Алп Сол Табу; Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери). Элчи кыргыз каганынын расмий катын тапшырып, белек катары эки ак боз аргымак тартуу кылган. Жооп катында Тан династиясынын (618–907) императору кыргыз каганынын элчисин расмий деңгээлде өтө жогору даражадагы урмат-сый менен үч ирет кабыл алгандыгын жана душмандарына каршы биргелешкен күрөштү дагы уланта берерин билдирген. Ошондой эле Борбордук Азия жана ага жамаатташ чөлкөмдөгү чек ара коопсуздугуна күч-кубаттуу кыргыз кагандыгы тынчтыктын тиреги боло тургандыгы айтылган.
Ад.: Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950.
О. Каратаев.