КАЗАКОВ Евгений Трофимович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКО́В Евгений Трофимович (1936, Россия, Астрахань шаары – 27. 5. 1986, Фрунзе) – генерал-­майор (1985). 1959-жылы Астрахань балык өнөр жайы ж-а чарбасы техникалык институтун бүткөн. 1959–66-жылдарда Аст­рахань облусунун Икрянск

районундагы С. М. Киров атындагы колхоздо инженер-механик, колхоздун төрагасынын орун басары, инженер-механик, комсомолдун Икрянск рай­комунун, Астрахань обкому­нун 2-, 1-секретары, 1966– 71-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитети­нин кадрлар башмармалы­гынын Астрахань облусу боюнча начальнигинин орун басары, 1978–83-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1983–85-жылдарда Кыргыз ССР ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеген.