КАДАМЖАЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДАМЖАЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Баткен облусундагы Кадамжай шаарча­сына жакын жайгашкан. 1971-жылы ишке кирги­зилген. Аянты 115 миң м2. Мында негизинен Кадамжай сурьма комбинатынын иштетилген калдыктары (мышьяк, күкүрт, сурьма) сакта­лат. Гамма нурлануу өлчөмү жөнүндө так маалы­мат жок. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 балл.