КАДАМЖАЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДАМЖАЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Баткен облусундагы Кадамжай шаарча­сына жакын жайгашкан. 1971-жылы ишке кирги­зилген. Аянты 115 миң м2. Мында негизинен Кадамжай сурьма комбинатынын иштетилген калдыктары (мышьяк, күкүрт, сурьма) сакта­лат. Гамма нурлануу өлчөмү жөнүндө так маалы­мат жок. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 балл.