КАБАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАТ г е о л о г и я д а – чөкмө, жанартоо, кээде метаморфизмделген тектердин иреттүү катмарланышы. Бир нече кмге созулуп, калыңды­гы ондогон мге жетет. Катмарды түзүүчү ар бир кабат бир түрдүү тектен туруп, өзүнчө петрогр., гранулометриялык, литол. өзгөчөлүктөргө ээ. Бири-бирине акырындык м-н же кескин өтөт. Үстүндөгү кабат – жабуусу, астындагысы таманы деп аталат. Талаа шартында геология кесиндилер­ди түзүүдө зор жардам берет.