КАБАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАТ г е о л о г и я д а – чөкмө, жанартоо, кээде метаморфизмделген тектердин иреттүү катмарланышы. Бир нече кмге созулуп, калыңды­гы ондогон мге жетет. Катмарды түзүүчү ар бир кабат бир түрдүү тектен туруп, өзүнчө петрогр., гранулометриялык, литол. өзгөчөлүктөргө ээ. Бири-бирине акырындык м-н же кескин өтөт. Үстүндөгү кабат – жабуусу, астындагысы таманы деп аталат. Талаа шартында геология кесиндилер­ди түзүүдө зор жардам берет.