КАРГЫШ ЫРЛАРЫ
КАРГЫШ ЫРЛАРЫ – оозеки чыг-лыктагы каада-салт ырларынын түрү. Кыргыз фольклорунда К. ы. көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү м-н салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ырлар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта К. ы. алгач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук м-н тыгыз байланышта болгон, мис., байыркы грек мифтеринде, шамандардын ырым-жырымдарында