КАРГЫШ ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРГЫШ ЫРЛАРЫ – оозеки чыгармачылыктагы каа­да-салт ырларынын түрү. Кыргыз фольклорун­да каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр­лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары ал­гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз бай­ланышта болгон (мисалы: байыркы грек мифте­ринде, шамандардын ырым-жырымдарында) мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп сап ыр формасында айтыла башта­ган (мисалы, Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баш­тай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багыттал­ган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпика­лык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мисалы, «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Кур­манбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кез­дешет.