КАРА-ШОРО ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ШОРО ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Өзгөн р-нунун аймагында. 1996-ж. уюшулган. Ферга­на тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүм­дүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо м-н Памир–Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажа­йып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар ж-а алар­дын арасында ар түрдүү жаныбар бар.