КАРА ЧИРИК
КАРА ЧИРИК – өсүмдүк илдети. Аны мите козу карын ж-а топурак бактериясы пайда кылат. К. ч. илдетине көбүнчө картөшкө, томат, кожогат, жүзүм, сабиз, о. эле тамеки ж-а люпиндин тамыры, гозонун буласы чалдыгат. К а р т ө шк ө К. ч-ин тамыр кара чирик бактериясы пайда кылат. Илдеттүү картөшкөнүн өзөгү чирип, кабыгы карарат да жарылып, киргил суюктук агат. Т о м а т К. ч-ин Diplodina destructiva Plowr мите козу карыны пайда кылып, томаттын быша элек мөмөсүнө боз чуңкур так түшүп, карарып кетет. Каршы күрөшүү чарасы: аңызда, сактагычта К. ч. илдетине чалдыккан томат, картөшкөнү жок кылуу, үрөндүк картөшкөнү формалин м-н дезинфекциялоо, томаттын түшүмүн жыйноого 5–7 күн калганда 1% бордо суюктугун чачуу ж. б.