КАРА ЧИРИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ЧИРИК – өсүмдүк илдети. Аны мите козу карын ж-а топурак бактериясы пайда кылат. Кара чирик илдетине көбүнчө картөшкө, томат, кожо­гат, жүзүм, сабиз, ошондой эле тамеки ж-а люпиндин тамыры, гозонун буласы чалдыгат. К а р т ө ш ­к ө кара чиригин тамыр кара чирик бактериясы пай­да кылат. Илдеттүү картөшкөнүн өзөгү чирип, кабыгы карарат да жарылып, киргилт суюктук агат. Т о м а т кара чиригин Diplodina destructiva Plowr мите козу карыны пайда кылып, томаттын быша элек мөмөсүнө боз чуңкур так түшүп, ка­рарып кетет. Каршы күрөшүү чарасы: аңызда, сактагычта кара чирик илдетине чалдыккан томат, картөшкөнү жок кылуу, үрөндүк картөшкөнү формалин м-н дезинфекциялоо, томаттын тү­шүмүн жыйноого 5–7 күн калганда 1% бордо суюктугун чачуу ж. б.