КАРАЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА́ЧИ – Пакистандын түштүгүндөгү шаар.
Синд провинциясынын адм. борбору. Инд д-нын дельтасында жайгашкан. Калкы 12,5 млн (2008); темир ж-а автомобиль жолдордун ири тоому.

Шаардагы заманбап мечит.

Эл аралык аэропорту бар. Башкы деңиз порту (жылына 25 млн т га чейин жүк ташылат). Ал­гач балыкчы белуждардын тургун жайы бол­гон. 1959-ж. чейин Пакистандын расмий борбо­ру болуп келген. К-да фонд биржасы, машина куруу, (а. и. Япониянын «Toyota», Американын «General Motors» жеңил автомобилдерин чогул­тат), металл иштетүү кара металлургия, нефть ажыратуу, хим., текстиль, кеме куруу ж-а ре­монттоо ж. б. өнөр жай ишканалары, азот жер се­мирткичин чыгаруучу завод иштейт. Хим. өнөр жай (упаковкаларын чыгарат) өнүккөн. Ак сарайы (1865, учурда китепкана), соборлор, чиркөөлөр, мавзолей, мечиттер сакталган. Ун-т, ин-ттар, ИИИлер, Аскер-деңиз академиясы, ЖОЖдордун бир нече кампустары, музейлер, театрлар, ки­тепканалар ж. б. бар. К-га жакын жерде заман­бап өнөр жай зонасы «Текстиль шаары» (негизинен кебез-кездеме, боёочу каражаттар, тигилүү ки­йимдер чыгарылат) уюштурулууда.