КАРАЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА́ЧИ – Пакистандын түштүгүндөгү шаар. Синд провинциясынын административдик борбору. Инд дарыясынын дельтасында жайгашкан. Калкы 14,9 млн (2017); темир ж-а автомобиль жолдордун ири тоому.

Шаардагы заманбап мечит.

Эл аралык аэропорту бар. Башкы деңиз порту (жылына 25 млн т га чейин жүк ташылат). Ал­гач балыкчы белуждардын тургун жайы бол­гон. 1959-жылга чейин Пакистандын расмий борбо­ру болуп келген. Карачиде фонд биржасы, машина куруу, (анын ичинде Япониянын «Toyota», Американын «General Motors» жеңил автомобилдерин чогул­тат), металл иштетүү кара металлургия, нефть ажыратуу, химия, текстиль, кеме куруу ж-а ре­монттоо ж. б. өнөр жай ишканалары, азот жер се­мирткичин чыгаруучу завод иштейт. Химия өнөр жайы (упаковкаларын чыгарат) өнүккөн. Ак сарайы (1865, учурда китепкана), соборлор, чиркөөлөр, мавзолей, мечиттер сакталган. Университет, институттар, ИИИлер, аскер-деңиз академиясы, ЖОЖдордун бир нече кампустары, музейлер, театрлар, ки­тепканалар ж. б. бар. Карачиге жакын жерде заман­бап өнөр жай зонасы «Текстиль шаары» (негизинен кебез-кездеме, боёочу каражаттар, тигилүү ки­йимдер чыгарылат) уюштурулууда.