КАРА-ТЕҢГЕ ВАНАДИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕҢГЕ ВАНА́ДИЙ КЕНИ Ош обл-нун Алай р-нунда, Карамык кыш-нан чыгышта, Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүндөгү бөксө тоолордо. 1943–46-ж. чалгындалган. Кен айма­гында силурдун аягында пайда болгон терриген катмарлары жатат. Кенташ чопо-кремнийлүү сланецтердин арасындагы тектон. жаракаларга топтолгон. Мында кремнийлүү тектердеги брек­чия тилкесинде ванадийдин экинчи ирет пай­да болгон минералдары кезигет. Минералдар брекчиянын беттеринде, жаракалар м-н коңул­дарда какарт түрүндө жолугат. Тилкенин уз. 170 мге жетет. Ванадийдин кенташтагы конди­циялык өлчөмү чамалуу.