КАРА-ТЕҢГЕ ВАНАДИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕҢГЕ ВАНА́ДИЙ КЕНИ Ош облусунун Алай районунда, Карамык кыштагынан чыгышта, Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүндөгү бөксө тоолордо. 1943–46-жылдарда чалгындалган. Кен айма­гында силурдун аягында пайда болгон терриген катмарлары жатат. Кенташ чопо-кремнийлүү сланецтердин арасындагы тектоникалык жаракаларга топтолгон. Мында кремнийлүү тектердеги брек­чия тилкесинде ванадийдин экинчи ирет пай­да болгон минералдары кезигет. Минералдар брекчиянын беттеринде, жаракалар м-н коңул­дарда какарт түрүндө жолугат. Тилкенин узундугу 170 мге жетет. Ванадийдин кенташтагы конди­циялык өлчөмү чамалуу.