КАРА-ТЕҢГЕ ВАНАДИЙ КЕНИ
КАРА-ТЕҢГЕ ВАНА́ДИЙ КЕНИ Ош обл-нун Алай р-нунда, Карамык кыш-нан чыгышта, Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүндөгү бөксө тоолордо. 1943–46-ж. чалгындалган. Кен аймагында силурдун аягында пайда болгон терриген катмарлары жатат. Кенташ чопо-кремнийлүү сланецтердин арасындагы тектон. жаракаларга топтолгон. Мында кремнийлүү тектердеги брекчия тилкесинде ванадийдин экинчи ирет пайда болгон минералдары кезигет. Минералдар брекчиянын беттеринде, жаракалар м-н коңулдарда какарт түрүндө жолугат. Тилкенин уз. 170 мге жетет. Ванадийдин кенташтагы кондициялык өлчөмү чамалуу.