КАРА-ТАШ (Кара-Кулжа районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАШ – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нун­дагы кыштак. Капчыгай айыл округуна караш­туу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңг. 1710 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыш-нан 55 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 143 км. Калкы 1001 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.