КАРА-ТАШ (Кара-Кулжа районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАШ – Ош облусунун Кара-Кулжа районун­дагы кыштак. Капчыгай айыл округуна караш­туу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1710 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыштагынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 143 км. Калкы 905 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.