КАРА-ТАШ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
КАРА-ТАШ – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Капчыгай айыл округуна караштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңг. 1710 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыш-нан 55 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 143 км. Калкы 1001 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.