КАРА-ТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ Нарын обл­нун Нарын ж-а Ак-Талаа р-ндорунун аймагын­да, Соңкөлдүн түштүгүндө, Кажырты суусунун (Кара-Тал м-н Жапырык сууларынын) алабын­да жайгашкан. Корук 1994-ж. уюшулган. Аян­ты 5980 га. Коруктун негизги максаты – Ички Теңир-Тоого мүнөздүү ажайып жаратылышты (карагай, арча токойлорунун туташ массивин, бадалдар м-н шалбааны) сактоо ж-а ил.-из., бай­коо жүргүзүү. Коруктун аймагынын орт. бийикт. 2500–2600 м. Корукта бугу, элик ж. б. жаны­барлар кездешет.