КАРА-ТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ Нарын облусу­нун Нарын ж-а Ак-Талаа райондорунун аймагын­да, Соң-Көлдүн түштүгүндө, Кажырты суусунун (Кара-Тал м-н Жапырык сууларынын) алабын­да жайгашкан. Корук 1994-ж. уюшулган. Аян­ты 5980 га. Коруктун негизги максаты – Ички Теңир-Тоого мүнөздүү ажайып жаратылышты (карагай, арча токойлорунун туташ массивин, бадалдар м-н шалбааны) сактоо ж-а илимий-изилдөө, бай­коо жүргүзүү. Коруктун аймагынын орт. бийиктиги 2500–2600 м. Корукта бугу, элик ж. б. жаны­барлар кездешет.