КАРА-ТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ
КАРА-ТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ Нарын облнун Нарын ж-а Ак-Талаа р-ндорунун аймагында, Соңкөлдүн түштүгүндө, Кажырты суусунун (Кара-Тал м-н Жапырык сууларынын) алабында жайгашкан. Корук 1994-ж. уюшулган. Аянты 5980 га. Коруктун негизги максаты – Ички Теңир-Тоого мүнөздүү ажайып жаратылышты (карагай, арча токойлорунун туташ массивин, бадалдар м-н шалбааны) сактоо ж-а ил.-из., байкоо жүргүзүү. Коруктун аймагынын орт. бийикт. 2500–2600 м. Корукта бугу, элик ж. б. жаныбарлар кездешет.