КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ
КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ –
6–8-к-га таандык археол. эстелик. Нарын д. Тогуз-Тородон Кетмен-Төбөгө бурулуп аккан жердеги Кара-Табылгыты секисинде жайгашкан.
Чарчы түрдө, дубалдарынын уз. 200 м. Батыш ж-а чыгыш дубалдарында эшик, түн. ж-а түш. тарабында дарбазанын орду байкалат. Дубалдары бийик мунаралар м-н бекемделген. Бурчтарындагы негизги мунараларды эсептебегенде, түн. ж-а түш тарабында 7ден, чыгыш ж-а батыш дубалдарында 8ден мунара болгон. Казуу учурунда түрк элдериникине түспөлдөш карапа сыныктары, идиштер табылган.