КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ – VI–VIII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Нарын дарыясы Тогуз-Тородон Кетмен-Төбөгө бурулуп аккан жердеги Кара-Табылгыты секисинде жайгашкан. Чарчы түрдө, дубалдарынын узундугу 200 м. Батыш жана чыгыш дубалдарында эшик, түндүк жана түштүк тарабында дарбазанын орду байкалат. Дубалдары бийик мунаралар менен бекемделген. Бурчтарындагы негизги мунараларды эсептебегенде, түндүк жана түштүк тарабында 7ден, чыгыш жана батыш дубалдарында 8ден мунара болгон. Казуу учурунда түрк элдериникине түспөлдөш карапа сыныктары, идиштер табылган.