КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ Нарын д-нын жогорку ала­бында. Түндүгүнөн Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Ак-Шыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чек­тешет. Жети-Өгүз р-нунун аймагында жайгаш­кан. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийикт. 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү море­налуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, тө­мөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгү­нүн сол жээги (уз. 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аян-

Өрөөндүн Тарагай тарабы

ты барган сайын кеңейүүдө. Климаты конти­ненттик. Январдын орт. темп-расы –21°С, июл­дуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн ба­шында Түн. Кара-Сай (аянты 46,5 км2, уз. 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түш. Кара-Сай (аянты 17,2 км2, уз. 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгү­лөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асыл­ма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Кара-Сай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө бу­лактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. Шал­баалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, каз таман, ак сокто, бе­теге жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, до­ңуз сырты ж. б.) бийик тоолуу ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нунун малы багылат. Автомобиль жолу ар­кылуу Ысык-Көл ойдуңу м-н байланышат. Барс­кон – Ак-Шыйрак электр зымы өтөт.