КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ Нарын дарыясынын жогорку ала­бында. Түндүгүнөн Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Ак-Шыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чек­тешет. Жети-Өгүз районунун аймагында жайгаш­кан. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийиктиги 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү море­налуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, тө­мөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгү­нүн сол жээги (узундугу 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аян-

Өрөөндүн Тарагай тарабы

ты барган сайын кеңейүүдө. Климаты конти­ненттик. Январдын орточо темп-ратурасы –21°С, июл­дуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн ба­шында Түндүк Кара-Сай (аянты 46,5 км2, узундугу 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түштүк Кара-Сай (аянты 17,2 км2, узундугу 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгү­лөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асыл­ма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Кара-Сай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө бу­лактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. Шал­баалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, каз таман, ак сокто, бе­теге жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, до­ңуз сырты ж. б.) бийик тоолуу ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун малы багылат. Автомобиль жолу ар­кылуу Ысык-Көл ойдуңу м-н байланышат. Барс­кон – Ак-Шыйрак электр зымы өтөт.