КАРА-САЗ (Кочкор районундагы кыштак)
КАРА-САЗ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы
кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу.
Үкөк суусунун боюнда, деңиз деңг. 1995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 16 км түш.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 76 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1396 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, ФАП, амбулатория бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштактын эки тарабы тең саз болгондуктан, К.-С. аталып калган.