КАРА-САЗ (Нарындын оң куймасы)
КАРА-САЗ – Кичи Нарындын оң куймасы. Нарын р-ну аркылуу аккан суу. Уз. 45 км, алабынын аянты 425 км2. Капка-Таш тоосунун түн. капталынан башталып, Кара-Каман ж-а Капка-Таш тоолорунун аралыгындагы түзөң, саздуу өрөөн аркылуу агат. Башталышында Бел- Тепши, ортоңку агымында Чардак-Суу ж-а Таш- Кечүү деп аталат. Ири куймалары: Корумду-Суу,
Кара-Булак, Ичке-Булак, Бел-Булак. Жылдык орт. чыгымы 2,5–3,7 м3/сек. Эң көбү июль– августта, азы январь–февралда байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат.