КАРА-ОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ , Д о л и н к а – Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Кара-Ой айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түн. жээгинде, Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1625 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон- Ата ш-нан 3 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 70 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 3073 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, 3 китеп-

кана, спорт мектеби, мад-т үйү, музей, клуб, 2 мечит, мончо бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соо­да түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тегирмендер иштейт. Кыштакта улуу ойчул Калыгул Бай уулу, Соц. Эмг. Баатыры М. Я. Смирнов, КРдин эл артисти А. Көбөгөнов туулган. Кыштакка жакын пансионаттар ж-а эс алуу жайлар жайгашкан. Калыгулга күмбөз тургузулган.