КАРА-ОЙ
КАРА-ОЙ , Д о л и н к а – Ысык-Көл районундагы кыштак. Кара-Ой айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1625 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон- Ата шаарынан 3 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 70 км. Кыштак 1911-жылы негизделген. Калкы 5029 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, 3 китепкана, спорт мектеби, маданият үйү, музей, клуб, 2 мечит, мончо бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тегирмендер иштейт. Кыштакта улуу ойчул Калыгул Бай уулу, Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Я. Смирнов, КРдин эл артисти А. Көбөгөнов туулган. Кыштакка жакын пансионаттар ж-а эс алуу жайлар жайгашкан. Калыгулга күмбөз тургузулган.