КАРА-ОЙ (Чүй районундагы кыштак)
КАРА-ОЙ – Чүй р-нундагы кыштак. С. Ибраимов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Токмок ш-нан 23 км түш. тарапта. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 1025 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. ФАП иштейт.