КАРА-ОЙ (Чүй районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ОЙ – Чүй районундагы кыштак. С. Ибраимов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 23 км түштүк тарапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 545 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. ФАП иштейт.