КАРА-ОЙ (Ак-Талаа районундагы кыштак)
КАРА-ОЙ – Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нундагы кыштак. Тоголок Молдо атн. айыл округуна караштуу. Нарын д-нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1900 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыш-нан 57 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 282 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 2793 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры С. Конгайтиев туулган.