КАРА-ОЙ (Ак-Талаа районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ОЙ – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Тоголок Молдо атындагы айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1900 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 57 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 282 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 3149 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры С. Конгайтиев туулган.