КАРА-МОЙНОК
КАРА-МОЙНОК – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна караштуу. Каракол суусунун боюнда деңиз деңг. 2300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 51 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 111 км. Калкы 1001 (2010); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.