КАРА-МОЙНОК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-МОЙНОК – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна караштуу. Каракол суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 2300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 51 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 111 км. Калкы 1139 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.